“Ислам мамлекети” радикал тобу эки түрк аскерин тирүүлөй өрттөгөнү тартылган видеону жарыялады. Мурдараак Сириянын Аль-Баб шаарында аталган топтун согушкерлери менен Түркия аскерлеринин арасында айыгышкан салгылашуу болуп жатканы кабарланган.
ИМ тобунун билдирүүсүнө ылайык, 19 мүнөттүк тасма Сириянын Алеппо шаарында тартылган. Ал интернетке жарыялангандан кийин Түркияда соцтармактар иштебей калды.
Өткөн айда Түркия эки аскери жоголгонун билдирген. Бирок видеодогу түркиялык жоокерлерби же башка экени анык эмес.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюму билдиргендей, Түркиянын аба соккуларынан Аль-Баб шаарында 24 жайкын тургун мерт кетти.
Түркия Сириядагы согушкерлерге каршы күрөштү быйыл августта баштаган. Андан бери Анкара 37 аскерин жоготту.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ