Башында Өмүрбек Текебаевдин идеясын жата калып колдоп, Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы жүз миңдеген өздүк каражатын сарптап, адалсынып жүргөн экс-элчи Кылычбек Султанов жакында ТИМ тармагындагы өзгөчө багыттагы элчи-министрдин кеңешчилик кызматына секирик жасаганын Өмүке башкы «суперинфочу» Султановдун өзүнөн эмес, автоунаасындагы радиодон угуп, таңыркаганын эшиттик. Кылычбек Султановдун мындай жүрүшүнө партиялаштары да таңданышып, «министрдин эмес, президенттин кеңешчилигине кетип жаткан Калыкбек Султанов деле убагында шефтин астынан бир өтүп, адамгерчилик сапаттарын көрсөткөн эле, бу кысталак кандай неме?» дешип, ачуулары кайнап жатышкандыгы партиянын ички ашканасында катуу кепке айланууда. Кылычбек Султановдун мунусу чын болсо, анда уят го ыя? Текебаевдин арты менен деңгээлине карабай министр, элчи сындуу үлкөн кызматтарды аркалап, жакшы эле «агарып-көгөргөн» соң, кеңешчи эмес, өкмөт башчылыкка кетип жатса деле шефтин «батасын алып», ичин оорутпай кетиши керек эле да, туурабы? Кайран пенде, жаңылдыбы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ