Menu

Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Умбет Кыдыралиев

Бөлүшүү:

Эл өкүлү Умбет Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек. Бизнестен баар таап, тапкан-ташыганын кыргыз спортчулары үчүн жумшаган Умбет мырза депутат болгону тетирисинен кетип, өздүк бизнесин гүлдөтүү үчүн шугулданып калгандыгы жалганбы? Парламент депутаты катары трибунадан ооз ачып же мыйзам долбоорун демилгелегенин көрдүңөр беле? Жо-ок. Депутат катары мындай иштер менен шугулдангандын ордуна көптөн бери кичи мекени түштүктө бизнесмендер менен жолутушуп, өздүк бизнесин өркүндөткөндүн ичинде шугулданууда. Кабарчыбыз Кыдыралиевдин өзүнө байланышып, иши тууралуу интервью алууну сунуштаса, парламент депутаты жакында Бишкекке кайтпастыгын, өзүнүн жеке иштери менен түштүктө бир топ убакыт кармалаарын кыйытыптыр. Кызык, элдин көйгөйү барган сайын баштан ашып, парламент баштаган борбордук бийликте «бок кайнап» жатса, ишенген Кыдыралиевиңер кичи мекенинде узакка жатып алганы эмнеси? Эл өкүлү катары парламентке башбакпаса, журналисттерди көргөндө жаа бою качса, анда өзүда, элди да, партия жетекчилигин да кыйнабай мандатын таштап кетпейби? Жеке бизнесин өркүндөтүп, кичи мекенинде жата берсин да.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: