– Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Парламент таркайбы?
– Албетте, парламентти таратууга негиздер бар. Себеби, президент чоң саясаттан кеткенде артында анын өтмүшүн казып, ага каршы топтогон компроматтарын активдүү пайдаланган парламент мүчөлөрүн калтырууну каалабаса керек. Алмазбек Атамбаев ыйгарым укуктарын тапшырганда Жогорку Кеңеш көзөмөлдөн чыгып кеткен Өмүрбек Текебаевдин бийлигинде калат, ал болсо өлкө башчысына каршы жүргүзүп жаткан кампанияны улантууга аракеттенгенин токтотпойт.
Анан калса, Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтсө, шайлоонун жардамы менен президенттикке потенциалдуу талапкерлерди саясый аренадан жоготууга шарт түзүлөт. Алар бүт күчүн жаңы чакырылыштагы парламентке келүүгө жумшап, натыйжада президенттик жарышка акчалары калбай калат.
Албетте, парламенттин таратылышы 2015-жыддагы шайлоодо аз добуш алган партиялар үчүн пайдасыз. Анткени, алардын жаңы парламентке кайра келүү мүмкүнчүлүгү нөлгө барабар, же өтө эле аз. Ал эми КСДПга келсек, жергиликтүү шайлоолор бийлик партиясы калктын колдоосуна ээ эмес экендигин көрсөттү. Анын рейтинги өтө эле төмөн.
Ошондуктан, парламенттин тараганы «жогорудагыларга» ыңгайлуу, бирок, азыр парламентте отургандарга эмес.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ