Menu

Бүгүн Санкт-Петербургда ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындары өтөт

Бөлүшүү:

Жамааттык коопсуздук келишим уюму кеңешинин сессиясы менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны 26-декабрда Санкт-Петербургда өтөт. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

ЕАЭБдин саммитинде Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия президенттери уюмдун алгачкы эки жылынын жыйынтыктарын чыгарып, интеграциялык биримдиктин андан аркы өнүгүүсү боюнча пландарды белгилешет. Андан сырткары ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимге кол коюлары, ошондой эле бир катар көп тарапуу документтердин кабыл алынары күтүлүүдө.

ЖККУ жыйынында Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери уюмдун алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашат. Террордук жана экстремисттик коркунучтарга, маңзаты менен курал-жаракты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү өңдүү аймактык күн тартиптеги негизги маселелер боюнча да пикир алышуу болот.

Мурдараак ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары НАТОнун аскердик блоктун чек арасына жакын аймактардагы активдүүлүгүнүн өсүшүнө реакция кылуу жолдорун талкуулай тургандыктарын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: