Menu

Казакстан Кыргызстанга техникалык жардам катары 100 миллион доллар бөлөт

Бөлүшүү:

Казакстан Кыргызстанга техникалык жардам катары 100 миллион доллар бөлөт. Мындай келишимге Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында кол коюлганын “Азаттыкка” вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтуусунда, жардам бөлүү боюнча сүйлөшүү мурун эле башталып, бирок макулдашуу созулуп кеткен.

Казак тарап бөлгөн 100 миллион доллар өткөрмө бекеттерди жана лабораторияларды Евразия экономикалык биримдигине ылайыкташтырууга жумшалат.

Панкратов кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча бир чечимге келишпегенин кошумчалады.

“Ветеринардык көзөмөл боюнча маселе талкууланып жатат. Бул боюнча чечим кабыл алына элек. Ал эми темир жолу боюнча унификацияланган тариф жана Казакстан тараптан техникалык жардам берүүгө 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишимге кол койдук,» – деди Олег Панкратов.

26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык комиссиянын жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышты. Жыйында ЕАЭБдин Бажы кодекси кабыл алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: