Menu

Баланын иши чала… Кытай менен орус кыргызды талашабы?

Бөлүшүү:

Ушул жуманын башында Бишкекке расмий зыяраты менен келген Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кызык бир ыңгайсыздыкка учурады.

Жаш министр Чыңгыз Айдарбеков менен кошо өткөзгөн маалымат жыйынында мамлекеттик “Кабар” агенттигинин журналисти Кытайга каршы уюштурулуп жаткан акциялар боюнча суроо узатса болобу. Эми, баардыгыбыз эле мындай расмий маалымат жыйындарда ар бир суроо алдын ала такталып, керек болсо жазылып берерин билишибиз керек да. Ошол Кытай боюнча суроо берилсе, карт карышкыр Лавров чоочуп, дароо “мне может выйти?” деп биз жакты какты. Ушул аракет дипломатиянын тилинде, деңгээлиңер ушулбу, кете берсем боло берет деген сөздү түшүндүрүп, бетке чапкандан да катуу ишаарат болду. Бирок ага көңүл бурбастан, Чыңгыз Айдарбеков он мүнөткө жакын орус министрине “бизге улуу Кытай ушунчалык жардам берип атат, алардан жакын бизге коңшу жок, дайыма колдоп келишкен, эч качан алардан алыстабайбыз” деп лекция окуп берди. Муну көргөн байкоочулар азыркы учурда башын мыкчып, талдап, кызыгып атышат. Бул атайын алдын ала даярдалган сценарий боюнча орустарга кыр көрсөтүп, “силер жок эле биздин таянар күчүбүз жана өнөктөш мамлекет бар” деп сигнал кылууну көздөгөнбү биздин жаш министр? Же баягы эле кыргызча “жөн эле” ойлонулбаган иш болуп калдыбы? Үйгө келген сый конокту тиктетип, он мүнөт ким башка бирөөнү мактайт? Балким, биздин өкмөт ушул аркылуу орустарга “биз Кытайга каршы турган аракеттердин артында силер турганыңарды билебиз” деп ачык айталбаса да, катуу эскертишкендериби? Дипломатия деген суунун үстүндө тамып калган майдын катмарынан да жука болот эмеспи. Жаш министр ошол нерсени унутта калтыргансыды.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: