2019-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктар эң коррупциялашкан мамлекеттик орган катары Мамлекеттик бажы кызматын аташкан. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет келтирет.
Өлкөдөгү коррупциянын жалпы деңгээлин эл 14,1 упайга баалашкан. Бул 2019-жылдын биринчи жарымынан 0,2 упай жогору.
Калктын ишеним индексин -100дөн +100гө чейинки упай менен эсептешкен. Канчалык упайы көп болсо, ошончолук ишеним көп. Кыргызстандыктар үч суроого: “Канчалык деңгээлде кайсыл бир маморганга ишеним артасыз?”, “Ал органдагы коррупция деңгээлин канчага баалайсыз?” жана “Жалпы жонунан анын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?” – деген суроолорго жооп беришкен.
Ошентип эң коррупциялашкан орган катары Бажы кызматы (-18,3 упай) аталган. Жарым жылда абал 0,4 упайга жакшырган.
Андан кийин саламаттыкты сактоо министрлиги (-11,3 упай) жана Жаза аткаруу мамкызматы (-9,2 упай).
В тройке самых коррумпированных — Министерство здравоохранения (−11,3 балла) и Госслужба исполнения наказаний (-9,2 балла).
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бир дагы маморган 50 упай алган эмес. Аларга бир аз жакындагы – жергиликтүү бийликтер, Алар 46,5 упай алышкан.
Кызыгы, көпчүлүк облустарда гана оң көрсөткүчтөр бар. Аймактардагы эл коррупция бар экенин моюндайт, бирок анчалык терең эмес деп эсептейт экен.
Бишкекте гана маморгандардын коррупциялашкан жалпы деңгээли жалаң минустан турат.
Бишкектиктердин пикиринде, башкалардан азыраак коррупция – Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча мамагенттикте, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Милдеттү медициналык камсыздандыруу фондунда, Жаштар жана спорт мамагенттигинде, Байланыш мамкомитетинде жана Маданият, маалымат жана туризим министрлигинде бар экенин айтышкан.
Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg
Булак: 24.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ