Menu

Кыргызстанда жаз, күз мезгилинде аңчылык кылууга тыюу салынат

Бөлүшүү:

Өлкөдө 2017-жылдан тарта күз, жаз мезгилинде аңчылык кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы аңчылык департаментинин башчысы Алмаз Мусаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы” жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип, күз, жаз мезгилинде кийик уулоого тыюу салуу каралууда. 2017-жылдан тарта бул норма күчүнө кирет. Мусаев республика боюнча жаныбарлардын 30 түрүнө, негизинен ача туяктуу – аркар, текелерге аңчылык кылууга уруксат берилгенин билдирди.

Аткаминердин айтымында, акыркы эсептер боюнча 2016-жылы бул кайберендердин саны 12-17 миңди түздү. Климаттык шарттын өзгөрүшү жана башка себептерден улам алардын саны азаюуда.

Буга чейин депутат Алмасбек Акматов жазында кийик уулоого тыюу салууну сунуштаган. Анын айтымында, бул мезгилде кайберендер төлдөйт, мындан улам аңчылык алардын көбөйүшүнө терс таасирин тийгизет.

Мурда мекеме жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу боюнча документ даярдаган. Ага ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тарта кайберен атууга жол бербөө пландалууда. 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдары Нарын жана Ош облусунда, 2023-2025-жылдары Жалал-Абад жана Талас облусунда аң уулоого тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: