Бүгүн, 27-мартта болжол менен саат 17:30да Кыргыз республикасынын таажывируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабынын Covid.kg расмий сайты өзүндөгү маалыматтарды жаңылап, Кыргызстанда таажывирус жуктургандардын санын дагы 2 адамга көбөйттү.
Расмий сайттын жаңы маалыматтары боюнча бүгүн, 27-мартта таажывирус аныкталгандардын саны 14 эмес, 16 болуп калды, ал эми жалпы Кыргызстандагы таажывирус бейтаптарынын саны 60ка жетти.
Бишкек шаарында – 4 адам
Ош шаарында – 2 адам
Жалал-Абад облусунда – 26 адам
Ош облусунда – 27 адам
Баткен облусунда – 1 адам
Обсервацияда жаткандардын жалпы саны – 585
Редакциядан: Биздин сайтка бул маалымат жарыялангандан кийин https://www.covid.gov.kg/ сайты өз маалыматтарын кайра 2 адамга азайтып, мурунку калыбына келтирип койду. Мунун артында эмне турат? Балким расмий өкүлдөр маалыматты расмий жарыялаганга чейин өчүрө туралы дештиби? Кантсе да расмий сайттан расмий жоопту күтөбүз?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ