Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.
Документтерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.
Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, карантин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ