Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу маалыматты Финполициянын басма сөз кызматы журналисттерге тастыктады.
Белгиленгендей, сөз коррупция жана жеке фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөн кылмыш иши жөнүндө болуп жатат. Учурда тергөө кызматы иштин жагдайын аныктоодо.
Буга чейин мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы бул иш боюнча суракка чакырылган болчу.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ