Menu

Видео – Ирина Карамушкина: “Карылар үйүнүн короосун ижарага алган “Аю-курулуш” компаниясы көп кабаттуу коммерциялык үй салып, сатып жатат”

Бөлүшүү:

“Шаар бийлиги Бишкектеги кары-картаңдар үйүнүн короосун “Аю-курулуш” компаниясына 2056-жылга чейин ижарага берип коюптур. Ал компания ижарага алган жерине көп кабаттуу коммерциялык үй салып, сатып жатат. Ошондо “Аю-курулуш” компаниясынын ижара мөөнөтү бүткөндө ал үйдөн квартира сатып алган жарандар көчөдө калабы? Ижара деген бул убактылуу деген сөз да. “Аю-курулуштун” ижара мөөнөтү бүткөнгө 38 жыл калыптыр, андан кийин квартира ээлери квартираны бошотуп чыгып кетиш керекпи?”- деп суроо салды бүгүн, 4-апрелде парламенттин отурумунда КСДПчы депутат Ирина Карамушкина.
“Кары-картаңдар үйүнүн түзүлгөнүнө быйыл 60 жыл толот. Ал жерде азыр 100 жашка чыккан Чыңгыз Айтматовдун мугалими жашайт. Өкмөт 60 жылдык юбилейге карата Карылар үйүн оңдогонго каражат бөлүшү керек”, – деди Карамушкина.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: