Menu

Казак-өзбек чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалар өтө албай турушат

Бөлүшүү:

Түркстан облусундагы казак-өзбек чек арасынын “Казыгурт” бажы бекетинде 150дөй жүк ташуучу унаа өтө албай, бир нече күндөн бери кезекте турат.

Аты-жөнүн атагысы келбеген айдоочунун айтымында, тыгын башталганына бир аптадан ашты.

– Үч күндөн бери чек арадан өтүү үчүн кезекте турабыз. Алты күн, ал гана эмес он күндөн бери ушул жерде турган жигиттер бар. “Капланбекте” (чек ара бекети – ред) дагы толтура. Азыр бул жерде турган жүк ташуучу унаалардын саны жүздөн ашат,– деди айдоочу.

Түркстан облустук мамлекеттик киреше департаментинин өкүлү Марат Кулекеев “Казыгурт” бажы бекетинде жүк ташуучу унаалар жай өткөрүлүп жатканын тастыктады. Анын айтымында, Казакстандан Өзбекстанга күнүнө жүздөй машине өтүп жатат. 150дөй автотранспорт кезекте турат. Кулекеев унаа тыгындарын Өзбекстандагы автожолдорду оңдоо иштери менен байланыштырды.

Бул арада кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалар азая элек. Тыгын 19-мартта башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: