Menu

Кыйраган Ту-154түн үч «кара кутусу» тең табылды

Бөлүшүү:

Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын үч «кара кутусу» тең кургактыкка чыгарылды. “Интерфакс” агенттигинин булагы алардын абалы канааттандыраарлык экенин жана жазууларын чечмелөөгө мүмкүн экенин билдирди. Алгачкы «кара куту» куткаруучулар тарабынан 27-декабрда эртең менен табылган болчу.

Учак кырсыгын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жетекчиси Максим Соколовдун айтымында, табылган үч «кара куту» Коргоо министрлигинин иликтөө борборуна жеткирилип, адистер анда топтолгон жазууларды чечмелөөгө киришти.

“Интерфакстын” ыкчам штабдагы булагы тергөө учак болжол менен «көтөрүлүү күчүнүн жетишсиздигинен» улам кулап түшкөн деген версияга ыктап жатканын айтты.

“Болжолдуу маалыматтар боюнча учактын жабуу системасы текши иштеп кетип, анын натыйжасында көтөрүлүү күчү жетишсиз болуп, учак керектүү деңгээлде күүлөнө албай кулап түшкөн”, — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: