Menu

Стамбулда террорчуга окшоштуруп, түркмөн жаранын сабап кетишти

Бөлүшүү:

“Рейна” түнкү клубуна кол салган шектүү адамга окшош түркмөн жаранын Стамбул жашоочулары сабап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар кабарлашууда.

Турист качууга аракет жасаган маалда аны жергиликтүү жашоочулар кармап, токмоктоп салышкан. Кийинчерээк полиция бөлүмүнө алып келишкенде анын издөөдөгү террорчу эместиги аныкталган. Түркмөн жарандын визасынын мөөнөтү өтүп кеткен, эми ал мекенине депортацияланат.

Жаңы жыл түнү Санта-Клаустун кийимин кийген автоматчан кылмышкер кароолдогу полициячыны өлтүрүп, “Рейна” түнкү клубуна кирип эс алуучуларга ок чыгарган. Көңүл ачуучу жайдын ичинде 600дөй адам бар болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча 39 адам курман болду, алардын 16сы чет өлкөлүктөр. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: