Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, Байгелуу орундарды ээлөө саны 38ге көбөйгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдирди.
-Бизде 2016-жыл ичинде иш-пландын негизинде аткарылуучу иш-чаралар толугу менен аткарылды. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 121 мелдеш каржыланып, анын ичинен спортчулар 48 эл аралык мелдештерге, 43 республикалык мелдештерге, 6 Азиялык мелдешке жана 4 дүйнөлүк мелдешке катышышты жана байгелүү орундарды ээлешти, – дейт А. Бакиров.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери спортко көңүл буруу менен борбордук “Курманбек” стадионун толугу менен реконструкциялоодон өткөрүшөн. Азыркы тапта бул стадион эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ