Menu

Кыргызстанда былтыр экстремисттик багыттагы 21 сайт жабылды

Бөлүшүү:

Былтыр экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн 21 сайт сот чечими менен жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда сегиз сайттын ишмердигин токтотуу маселеси сотто каралууда. Дагы жети сайтка укуктук баа берүү маселеси Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Ошондой эле экстремизмди үгүттөйт делген “Одноклассники” социалдык тармагындагы 20дан ашуун колдонуучунун баракчасы өчүрүлгөн.

Осмонбаев мындай аракеттер интернет аркылуу экстремизм жана терроризмдин жайылышына каршы жасалып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда 19 диний уюм экстремисттик жана террордук багытта деп табылып, алардын ишмердигине тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: