Menu

Обама Акүйдөгү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

АКШ президенти Барак Обама  анын бийлиги тушунда өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаңы пайдубал тургузулганын билдирди. Президенттик ыйгарым укуктары бүтүп баратканына байланыштуу ал Акүйдөгү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кайрылуу жасады.

“Менин жашоомдогу негизги артыкчылык сиздер үчүн президент катары кызмат кылуу болду. Мен эстафетаны өткөрүп берүүгө жана жөнөкөй жаран болууга даярмын. Америка үчүн жаңы пайдубал тургуза алдык деп сыймыктануу менен айта алам. Биз келечегибизди өзүбүз жаза алабыз”,-деди Обама.

Кайрылуусунда ал экономикалык абалдын жакшыруусуна, жумуш орундарынын көбөйүүсүнө салым кошкон өз командасынын ийгиликтерин атап өттү.

АКШ президенти “Аль-Каида” террордук уюмунун башчысы Усама бен Ладендин тындым кылынышын, Ирактан аскердердин чыгарылуусун, Ооганстандагы куралдуу күчтөрдүн санынын азайышын эске салды.

Тышкы саясат жөнүндө кеп кылып жатып Обама Куба менен болгон мамиленин жакшырышын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: