Menu

Элмурза досун алып кетүү үчүн барган Умбет мырза бүтүндөй түрмөнү тангалдырды

Бөлүшүү:

29-декабрь күнү «Азия Ньюска» экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев боюнча ак тилектен каалоо, ажайып макала чыккандан кийин түрмөнүн чоңдору менен соттор чочуп кетишип, дароо басышып жаткан адилетсиз ишти карашат. Ошол эле күнү соттук териштирүү болуп, эртеси 30-декабрда элдин уулу Элмурза эркиндикке чыгууга камынып калат. Каарманыбыздын достору түп көтөрүлүп, депутат Умбет Кыдыралиев баштаган лөктөр түрмө тарапка катар-катар «Джиптер» менен барып калышканы, а жерден жайбаракат мүнөздө генерал-лейтенант жайкала басып чыкканда, түрмөдөгү бүтүндөй зектер суктаныша карашыптыр. Баш чайкашып. Ошентип, кортежди боксер Умбет мырза баштап, дүңгүрөгөн тейде Элмурза акебизди үйүнө чоң салтанат менен алып келишиптир. Мына ушу күнгө чейин Сатыбалдиевдин ак өргөсүндө үлкөндөрдүн аягы бүтпөй, айрым депутаттар учурашууга кире алышпай (мисалы, Рыскелди Момбеков короого башбага албай артка кетиптир, башын мыкчып), көптөр көчөдөн артка кайтышып, ушу кезге чейин генералдын колун өбүүгө зар болгондор «өчүрөткө» тизилүүдө…

Булак: Азия ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: