Menu

Прессадан качкан Исраиловго мыкты кеңешчилер керек

Бөлүшүү:

Адатта жетекчинин деңгээлин, айыбын басма сөз кызматы жаап жашырып, ал тургай жакшы жагын ашырып келери ырас. Ага карабай, ИИМге жаңы келген министр мырзабыз Улан Исраиловдун билими, илими күчтүү, четтен окуп, тарбия алып келгенине карабай, көпчүлүккө жалаң “2” деген баага окуган окуучунун элесин берди дагы калды. Бул кара пиар, албетте акыркы кездери Атамбаевге ичи чыкпай жүргөн Текебаевдин эмгеги. Мындан улам ал министрдин башкалар билбеген жакшы жактарын иликтөөгө аракет кылып көрдүк. Милиция тармагында дээрлик тажрыйбасы болбогондуктан официалдуу маалыматтар өтө аз. Андыктан ал кишинин өзү менен кенен маек курууну максат кылганбыз. ИИМдин басма сөз кызматына кайрылып жатып эч майнап чыгара албадык. Көрсө иттин өлүгү дал ушул жерде экен. Министр мырза дээрлик пресс кызмат менен иштешпей турганын уктук. Тагырагы аталган кызматтын башчысы, бир кездери Мелис Турганбаевдин даңкын чыгарган. Бишкек милициясынан министрликке чейин сүйрөй алган тажрыйбалуу катчы Бакыт Сейитовду тааныбаган бир дагы журналист жок. Мына ошол Бакыт мырза учурда бардык ишти, министрдин кабылдамасы аркылуу гана бүтүрүп, ал эми Исраиловдун караанын көрүүгө зар экен. Чамасы министр Улан мырза басма сөз кызматтын баркын жакшы түшүнө бербей жатса керек. Андай болсо шефи Алмазбек Атамбаевден кичине кеңеш алса болмок экен кокуй. Ал эми Ажобуз басма сөз кызматы менен тыгыз иштешмек түгүл, анда иштеген ар бир журналисттин багын ачпадыбы. Алардын бири мына ЖоКеден кеп уруп олтурат. Кыскасы бул министр мырза минтип көпчүлүктөн жашынып, ММКдан жүзүн үйрүп олтурса алыска узабай деле калат окшойт…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: