Өткөн дем алыш күндөрү Астанада 2 400 жаран убактылуу каттоодон өттү. Бул тууралуу шаардык полициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Астананын Ички иштер департаментинин маалыматына караганда, 7-8-январь күндөрү жашаган жерлери боюнча каттоого турган жарандардын жалпы саны 6 500 кишини түздү.
Казакстанда жарандарды туруктуу жашаган жеринен бир айдан ашык мөөнөткө чыгып кеткенде 227 теңге (жарым доллардан ашык) төлөп, убактылуу дареги боюнча каттоого турууга милдеттендирген ченем ай башында күчүнө кирген.
Айрым жергиликтүү эксперттер бул жаңы тартип Астана тарабынан ратификацияланган Жарандык укуктар тууралуу Эл аралык пактка жана өлкө Конституциясына каршы келерин айтып, тынчсызданууларын билдиришүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ