“Республика-Ата -Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Таабалды Тиллаев Бюджет жана финансы комитетин жетектейт. Мурдагы Финансы министри Темирбек Акматалиевдин жандай көргөн шоопуру болгон экен. Мээсинде бир быдыры жок неме эми минтип өлкөнүн бюджетин каалагандай калчап жатканы эмнеси? Өң-тааныштык кылып, бир топ мыйзамсыз иштерди жасап жатканын кулагыбыз чалды. «Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен баалашпа» дегендей, башы иштебесе да Кудайым бакандай кылып бак берип койсо маймаңдап отура берет экен да. Мына ушундай сабатсыздардын айынан өлкөнүн иши алдыга жылбай жатат да. Айтор азыр шоопурлардын заманы болду да калды.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ