Menu

Түрк инвесторлору өзбек базарларын багындырууга ашыкпайт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Азимов баштаган делегация Түркияда расмий сапар менен жүрөт. Өз булактар кабарлагандай, Мирзиёев аларга ири инвестиция жана насыя менен келүүгө көрсөтмө берген, бирок азырынча жыйынтыктар боло элек. Делегация Анкаранын расмий өкүлдөрү жана ишкерлери менен жолугууну улантууда.

Өзбек президентинин тапшырмасы боюнча делегация фармацевтикалык, тиричилик-химиясы жана текстиль өндүрүү боюнча бирдиктүү ишкана түзүү жана булгаары-галантерея өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек.

“Күн сайын түнкү саат 11де Мирзиёев министр жана элчилер менен селектордук жыйын өткөрүп, алардан инвестиция тартууну талап кылат. Мындан улам Азимов бардык ыкманы колдонуп, түрк инвесторлорун Өзбекстанга чакырууга аракет жасайт”, – деди өзбек аткаминерлеринин арасындагы өз булак.

Ташкент Стамбулдагы Түрк ишкерлер ассоциациясын Өзбекстанда инвестициялык климат жакшырганына ынандыруу аракетинде. Делегация өлкөдө эркин экономикалык зоналардын түзүлгөнү боюнча кеңири баяндама жасап берди.

Түркиянын өкмөтү жана ишкерлери менен болгон сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнү менен расмий Анкара дагы, түрк ишкерлери дагы өзбек тарапка инвестиция боюнча так жооп беришкен жок.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: