Menu

Түркмөнстанда аялдарга чылым маалымкат боюнча сатылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын батышындагы Түркмөнбашы шаарында аялдар чылым сатып алыш үчүн тамекиге көз каранды экендиги тууралуу медициналык маалымкат көрсөтүшү керек болот. Ал эми өлкө борбору менен башка аймактарында аялдарга чылым сатууга толук тыюу салынган.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, мамлекеттик дүкөндөрдүн талаптары боюнча январдын башынан тарта чылым сатып алууну каалаган аялдар тамекиге көз каранды экендиги тууралуу жергиликтүү наркологиялык клиникадан берилген маалымкатын көрсөтүшү керек болот. Күн сайын наркологиялык диспансердин кире беришинде 300-350 аялдан турган кезек күтүүлөр жаралып, түнкү кезметтер уюштурулуп, фамилиялар боюнча тизмелер түзүлүп жаткандыгы кабарланууда.

2016-жылдын ортосунан бери өлкөдө бир нече жолу чылым сатууга толугу менен тыюу салынган. Ал эми уруксат берилген учурларда узун кезек күтүүлөр жаралып, калктын чылым алуу мүмкүндүгүн чектей турган жаңы тартиптер киргизилип турган. Алардын ичинде аялдарга чылым сатууга киргизилген чектөө да бар.

Ашхабадда аялдар 19 манат деп белгиленген мамлекеттик баадагы чылымды эркек адамдарды жалдап, аларга кошумча алты манат берүү менен сатып алып жатышат.

Түркмөнстанда чылымдын импорту жана сатылышы мамлекеттин көзөмөлүндө. Чылым сатууга мамлекеттик дүкөндөрдүн гана расмий уруксаттары бар. Тамекини «көмүскө базарда» мыйзамсыз саткандар да бар, анын баасы бир канча эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, чылым чеккендердин саны боюнча Түркмөнстан дүйнөдө эң акыркы орунда, болгону калкынын 8 гана пайызы тамеки тартат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: