Египетте казакстандык алты студенттин кармалышы боюнча жаңы маалыматтар жок. Бул тууралуу Астанадагы маалымат жыйында Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди.
Анын белгилешинче, Египет дагы деле студенттердин кармалышынын себептери тууралуу маалымат бере элек.
Буга байланыштуу Казакстан Тышкы иштер министрлиги Египет ТИМине нааразылык нотасын жөнөтүп, ошондой эле мазмундагы нотаны Египеттин Казакстандагы ишеним берилген өкүлүнө тапшырды.
Жайнаковдун айтымында, бул боюнча Египеттин тиешелүү органдары менен болгон сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Ал казак тарап жарандарынын эмне себептен кармалгандыгын түшүндүрүүнү жана алар менен казак консулунун жолугушуусуна уруксат берүүнү талап кылуусун улантып жатканын билдирди.
«Казакстандын алты жаранынын Каирде жоголуп кеткендигине 12 күн болду. Бизге жеткен ишенимдүү маалыматтар боюнча 20-июнга караган түнү алар Египеттин укук коргоо органдары тарабынан кармалышкан. Биз Египет тараптан дагы деле алардын кандай шартта жана эмне үчүн кармалгандыгы боюнча расмий билдирүү ала элекпиз», — деди Жайнаков.
Египеттин коопсуздук кызматкерлери тарабынан алты казак студентинин кармалгандыгы тууралуу 25-июлда белгилүү болгон. Алардын экөөсү тил курстарына катышуу үчүн Каирге 11-июлда барып, башка казак студенттери менен бир батирде жашап калышкан. Студенттер туугандары менен акыркы жолу 20-июлда байланышка чыгышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ