Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мурда сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн Мамлекеттик департамент тарабынан басмырлангандыгы үчүн ЛГБТ-коомчулугунан кечирим сурады.
«40-жылдары жана андан кийинки он жыл ичинде кызматкерлерин салттуу эмес сексуалдык ориентациясына карап басмырлап, айрымдарын жумуштан кетүүгө аргасыз кылган көптөгөн мамлекеттик жана жеке жумуш берүүчүлөрдүн арасында Мамлекеттик департамент да бар болгон. Ал аракеттер анда туура эмес болгон, андай кылуу бүгүн да туура эмес”, – деп айтылат Керринин билдирүүсүндө.
Жон Керри бул сыяктуу көрүнүштөрдөн жабыркагандардан кечирим сурап, АКШнын тышкы саясат мекемеси жамаатын түзүүдө көп түрдүүлүк жана интеграция принциптерин кармана турганын билдирди. Ал акыркы жылдары Мамлекеттик департамент чет өлкөлөрдө иштеп жаткан сексуалдык азчылыктагы кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн башкалардай эле укуктар менен камсыз кылууга аракет кылып жатканын белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ