Menu

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп кайра шайланды

Бөлүшүү:

Бишкекте шаар кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты. Шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттарынын 29у Албек Ибраимовго, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевге добуш беришти. Шайлоо өтүп жаткан кезде сырттан Албек Ибраимовдун колдоочулары үн күчөткүчтөр аркылуу кыйкырып турушту. Нурдин Абдылдаев муну шайлоого кысым катары баалады.

Бишкек шаар кеңешинде 45 депутат бар. Мэр болуу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алууга тийиш.

Бишкек шаардык кеңешинин мэрди шайлоосуна эки талапкер катышты. Шаар башчылыкка “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Нурдин Абдылдаев жана Социал-демократтар партиясы баштаган көпчүлүк коалициядан мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов көрсөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: