Өзбекстанда «Ислам мамлекети» тобунун катарына кирүүгө үгүттөгөн жана экстремисттик идеаларды таркаткан деп айыпталган өлкө жараны сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Самарканд облустук соту айыпталуучу элди ИМ тобуна социалдык түйүндөр аркылуу азгырып, 2016-жылы террорчулардын катарына кошулуу үчүн Сирияга барууга үч адамды көндүргөн деген чечим чыгарды.
Соттун маалыматына караганда, айыпталуучу Орусияда иштеп жүргөндө тыюу салынган «Жихадизм» диний-экстремисттик уюмунун таасирине кирип, мекенине кайткан соң жергиликтүүлөрдү ага үгүттөө менен алектенген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ