Өзбекстан ИИМи 2016-жылы октябрда кабыл алынган мунапыс токтомунун аткарылышы боюнча келерки жумада калк менен интерактивдүү жыйын өткөрөт.
Өзбекстандыктар 19-январда жергиликтүү убакыт боюнча 10:00дөн 13:00гө чейин «ыкчам линия» аркылуу өз суроолорун бере алышат. Интерактивдүү баарлашууга ИИМ, Жогорку Сот, Башкы прокуратура жана Жазаларды аткаруу башкармалыгынын адистери катышат. Алар мунапыска тиешелүү бардык маселелерге жооп беришет.
Өзбекстан парламенти 12-декабрда мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Абактагыларга мунапыс аркылуу азаттык берүүнү президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёев сунуштаган.
Мунапыс анча оор кылмыш жасабаган аялдарга, өспүрүмдөргө, жаш курагы 60тан ашкан эркек жарандарга, майыптарга жана чет элдиктерге берилет.
Мындан тышкары коомдук коопсуздукка каршы кылмыш жасап, тыюу салынган уюмдарга кошулгандыгы үчүн биринчи жолу соттолуп, кылган күнөөсү үчүн өкүнгөн жарандарга дагы азаттык берүү каралган.
Боштондукка чыга тургандардын так саны азырынча жарыялана элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ