Menu

Дональд Трамп: Орусия АКШнын саясий институттарынын компьютерлерине чабуул жасаган

Бөлүшүү:

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын саясий институттарынын компьютердик ресурстарына Орусия хакердик чабуул жасаганын жана ал үчүн орус президенти Владимир Путиндин жооптуу экенин тааныды. Трамп президент болуп шайлангандан берки алгачкы маалымат жыйынын 11-январда Манхэттендеги кеңсесинде өткөрдү.

АКШнын шайланган президенти компьютерлерге хакердик чабуул жасалгандыгы менен макул болуп, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эткенин моюнуна алган жок. Ал Орусия америкалык компьютердик түйүндөргө чабуул коюу менен алектенген көптөгөн өлкөлөрдүн катарында болгонун белгиледи.

Трамп ошондой эле чалгындоо кызматтарынын билдирүүлөрүн кайталап, Путин Орусия тараптан колдоого алынган хакерлерге АКШнын саясий партияларынын компьютерлерине кирип, андагы электрондук каттарды уурдоо буйругун жеке өзү бергенин айтты.

Трамп Демократиялык партия компьютердик чабуулдардан начар коргонгонун билдирди. Анын айтымында, Республикалык комитет өзүн хакердик чабуулдардан коргоонун жолун таап, бул жааттаа «жакшы жумуш» аткарды.

Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси кандай болорун билбестигин айтып, бирок анын президенттиги маалында Орусия «АКШны көбүрөөк сыйлай турганын» билдирди. “Эгер Путинге Дональд Трамп жакса, мен аны жаман эмес, жакшы деп эсептейм, анткени азыр биздин Орусия менен мамилебиз абдан начар”, – деди ал. Трамптын пикиринде, Орусия «Ислам мамлекетине» каршы күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болушу мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: