Өлкөнүн расмий маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, «мамлекеттик бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүү боюнча» жумушчу топту президенттик администрациянын башчысы жетектейт. Аталган топту түзүү тууралуу буйрукка президент Нурсултан Назарбаев кол койгон.
Жумушчу топтун курамына депутаттар, өкмөттүн, Жогорку соттун, бир катар мамлекеттик органдардын, юридикалык жана илимий-эксперттик коомдордун өкүлдөрү кирди.
Парламент менен өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында Конституцияны өзгөртүү зарылдыгын Нурсултан Назарбаев 15-декабрда билдирген.
Казакстандын Конституциясы боюнча Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоого талапкерлигин каалышынча коё алат. Мыйзамда ал «улут лидери» макамына ээ жана кызматтан кеткенден кийин да эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ