Menu

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

Бөлүшүү:

-Зайнидин мырза, референдум өткөн соң парламент тарашы керек эле да, туурабы? Мындай ыкма бизде Акаев тушунда, кийин сиз иштеген кандуу режим тушунда далилденбеди беле? Маселен, бизде Конституция өзгөрдү, мындай шартта азыркы парламентти президент неге таратпай жатат?

-Парламентти таратыш чоң саясый нааразычылыкка алып келиши мүмкүн, ошол эле КСДПнын ичинде. Акча мандат үчүн төлөнгөн, а аны кайтарыш үчүн убакыт ке­рек. АШАны карагандар азаят, баардыгы потенциалдуу талапкерлердин командасына өткөнгө аракет жасайт. Азыртадан «аксак өрдөк» синдрому акырын башталды.

-Кечээ өткөн Бишкек шаарынын мэ­рии шайлоосу боюнча кандай ком­ментарий бере аласыз?

-Баш калаанын мэрии шайлоодогу көрүнүш азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү.

-Президенттик жарышка талапкерлер ачыктан-ачык талпына башташты. Мындай шартта негизги жарыш кайсы саясый күчтөрдүн ортосунда болот деп ойлойсуз?

-Кайсы күчтөр дейсиң? Мурун «ким болот?» деп тандаганбыз. Жыйынтыгында жакшы турмушка жеткен жокпуз. Азыр «талапкер биз үчүн эмне жасайт?» деп ойлонушубуз керек. Ал талапкер элге, мамлекетке кандай пайда алып келет? Балким ошондо трайбализмден жогору көтөрүлөбүз, коррупционерлерден жана алдамчылардан, акылсыз бекерчилерден жана авантюристтерден кутулабыз. А биз болсо туура, түз жолго чыгабыз.

-Өзүңүз президенттикке талапкерлигиңизди коёсузбу?

-Жо-ок, президенттик тургай, депутаттыкка да барбайм. Буга дейре менин убактым жакшы эле кетти. Мен азыр жаш муундарга кеңешчи болуп иштеп бергенге жарайм.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: