Menu

Астанада казак кыздарынын кытайлыктарга турмушка чыгышына нааразы болушууда

Бөлүшүү:

Казакстандын баш калаасы Астанада 12-январда жарандык активисттер нике агенттиктердин биринин алдына акцияга чыгышты. Алар агенттиктин “казак кыз-келиндерди кытай жарандары менен тааныштырабыз” деген жарнамасына нааразылык билдиришти.

Активисттер казак кыздарына үйлөнөм деген кытай жигиттерин мамлекетке 50 миң доллар салык төлөөгө милдеттендирип, ал эми кыздарды казак жарандыгынан ажыратууну талап кылышты.

Чогулган отузга чукул митингчини полиция таркатууга аракет кылды. Бирок акциянын катышуучулары коопсуздук күчтөрүнө баш бербей коюшканда, аларга шаардык прокуратура өкүлдөрү келип, кырдаалды териштиребиз деп убада беришти.

Ал эми нике агенттиктин жетекчилиги биринчи жолу кытайлар менен кызматташа башташканын, мыйзам чегинде иштеп жатышканын билдиришти.

Байкоочулардын ырасташынча, Кытайда 34 жылга созулган бир бүлөгө – бир бала саясатынан улам кыздар тартыш. Ошол себептен кытай эркектери үйлөнүү үчүн чет жактан кыз издөөгө мажбур.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: