Menu

Назира Токонова, ырчы: “Мырзалар “ырчылыгыңды түшүнөм, ырдатам” деп алып алышып, турмуш кургандан кийин кызганычтын айынан чыгарбай коюшат”

Бөлүшүү:

Түшүмө кирбей койдуң” – дал ушул саптары менен элдин купулуна толгон, му­кам үнү, ай чырайлуу келбети менен далай мырзалардын жүрөгүнө чок салган ырчы Назира Токонова ме­нен маектештик.

– Назира, эл назарына алып чыккан сүйүктүү чыгармаң жөнүндө айтсаң?

– Ар бир чыгармачыл инсанды эл алдына алып чыккан чыгармасы өзгөчө жакын сезилсе керек. Мени элге тааныткан 2006-жылы Махабат Молдалиеванын сөзүнө жазылган “Сага” аттуу чыгармам болду. Ырдын чыкканына 10 жылдын жүзү болуп калды. Ортодон кайрадан жаңы вариантын да ырдап чыктым. Бирок эл эски вариантын көп угуп, барган жерде да эскисин суранышат. Ырды жаздырыш үчүн жумшаган эмгегим текке кеткен жок. Элдин абдан жакшы кабыл алганы менин жеңишим.

-Учурда кайда эмгектенип жатасыз?

-Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында солист болуп эмгектенгениме 4 жылдын жүзү болуп келе жатат. “Ар бир инсан иштеп жаткан жумушун сүйсө андан өткөн бакыт жок” деген сөз бар эмеспи. Мен кыргыздын залкарлары кызмат кылган куттуу жерде иштеп жаткандыгыма сыймыктанам.

– “Каръераны тандаган айымдар үй-бүлөнү бирге алып кетүүдөн кыйналышат” деген пикирге кандай мүнөздөмө бересиз?

– Өзүм турмуш кура элек болсом дагы, үй-бүлө менен карьераны бирдей алып кетүү жеңил эмес экенине көзүм жетет. Ар бир аял заты үй-бүлөнү биринчи орунга коюшу керек деп эсептейм. Чыгармачылык чөйрөдө жүргөн кыздар турмушка чыккандан кийин сахнага чыкпай калышат. Кудайым буюрса балалуу болот, балага тарбия бериши керек. Убакыттын көбүн балдарга, жолдошуңа бөлүүгө туура келет. Аларды асыроо, күтүп алуу да чоң милдет деп ойлойм. Бирок айрым учурда таланттуу эжекелерибиздин көбү турмушка чыккандан кийин ырдабай калышканы өкүндүрбөй койбойт. Мырзалар “ырчылыгыңды түшүнөм, ырдатам” деп алып алышып, турмуш кургандан кийин кызганычтын айынан – чыгарбай коюшат. Эгер туура түшүнгөн адам болсо эки тизгин, бир чылбырды бирдей алып кетүүгө эмнеге болбосун?!

– Негизи эле бактылуу болуш үчүн аял затына эмне керек деп ойлойсуз?

– Аял заты үчүн эле эмес, адамзаты үчүн жарык дүйнөгө жаралып, он эки мүчөсүнүн толук болгону, ден соолугунун чың болгону чоң бакыт болсо керек. Мен өзүмдү чексиз бактылуу адаммын деп эсептейм. Себеби телегейим тегиз, мен жакшы көргөн да, мени жакшы көргөн да адамдарым бар. Кандай учур болбосун жандап турушат. Мындан артык бакыт мени алдыда күтүп турат деп ойлойм. Себе­би мен да кимдир бирөөгө сүйүктүү жар, балдарыма мээримдүү эне болом.

-Азыр ырчылардын көбү той жылдызына айланып, тойго барганын тынымсыз социалдык тармактарга жарыя кылганды адатка айландырып алышкандай. Сиз да кесиптештериңиздин катарын толуктайсызбы?

-Чындыгында ар бир кесип ардактуу. Ар бир адам өз даремети, кесиби менен жан багат. Кыргыз бар жерде той бар. Жакшылыкта кызмат кылган кандай жакшы. Менин чыгармачылыгымды баалап, келип ырдап бер деген сунуштар болсо, албетте барып ырдап батасын алып келем.

-Ишеничке кирүү оңойбу же ишендирген оңойбу?

-Экөө тең оңой эмес. Бардык эле адамдын ишеничине кире албайсың. Кимдир бирөөнүн ишенимине кириш үчүн куру эле сөз эмес, кандайдыр бир иш-аракет керек деп эсептейм. Ишеничке киргенден кийин мага ишенет деп эрдемсибей, ишеничтен чыкпоого аракет кылуу зарыл.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: