Menu

АСТ Airlines каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берет

Бөлүшүү:

Кырсыкта каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу учакка ээлик кылган түркиялык АСТ Airlines фирмасынын өкүлү Айше Кынран  билдирди. Андан сырткары авиакырсыктан каза болгондордун үй-бөлөлөрүнө мамлекет да компенсация төлөп берет.

Маалыматка караганда, экипаж Гонконгдо 69 саат эс алуудан кийин учакты эч бир кынтыксыз кабыл алып, Бишкекти көздөй учкан. Учактагы жүктөр толук камсыздандырылган. Анда жалпы 85 тоннадан ашык жүк болгон. Буга чейин техникалык мүчүлүштүк болгон эмес. Кырсыктын себеби териштирилип жатат.

Өлкөнүн биринчи вице-премер-министри Мухамметкалый Абулгазиев мамлекет каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон компенсация төлөп берерин айткан.

“Боинг-747” үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө – экипаж мүчөлөрү, калганы – Дача СУ айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: