Menu

Авиакырсыкта каза болгондордун саны 37ге жетти

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектин четиндеги учак кырсыгынан 37 кишинин курман болгонун ырастады. Алардын 36сынын тек-жайы аныкталды.

Мекемеден кабарлашкандай, жалпысынан жабыркаган 13 адам ооруканага жаткырылса, үчөөсү амбулаториялык жардам алган. Медициналык жардам берүү иштерине психотерапевт дарыгерлер тартылып, жабыркагандардын баары тең керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон.

Дача СУ айылында мобилдик ооркукана уюштурулуп, анда Улуттук госпиталдын эки тез жардам кызмат тобу нөөмөттө турат. Андан сырткары Сокулук райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен психотерапевт дарыгерлер иштеп жатат.

17-январга карата Республикалык соттук-медициналык борбордо катар номурлары менен атайын мүшөктөргө салынган 42 объект изилденип, алардан 37 сөөк идентификацияланып, 36сынын тек-жайы аныкталды.

Учурда өлүкканада 6 сөөк калууда, алардын 3ү Түркия жараны, 3ү Кыргызстан жараны. Туугандарына 31 сөөк берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: