Menu

Баңги затын алып сатуу менен алектенген жаран 14 жылга эркиндигинен ажырады

Бөлүшүү:

Өкүм боюнча Т.М. аттуу жаран 1960-жылдын 13-мартында Ош облусунун Фрунзе районунун Халмион айылында туулган, билими 8 класс, КРнын жараны, эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү беш баланын атасы, өзүнүн айтуусу боюнча мурда сот жообуна тартылган. Иш боюнча бөгөт коюу чарасы 2016-жылдын 27-февралынан баштап камакта. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Соттолуучу Т.М. 2016-жылдын 26-февраль күнү саат 20:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылынын түндүк батыш тарабында жайгашкан тоолор аркылуу Тажик Республикасынын Исфара районунун аймагына баруучу жолдо кармалып, анын жерге көмүп койгон көк түстөгү “AVGAN” жазуусу бар пакеттин ичинде 1 даана сметана, 1 даана колбаса жана өзгөчө жыты бар баңги затына окшогон болжол менен 2 кг. салмакта зат табылып алынган, 27.02.2016-жылдагы №14 сандуу соттук-химиялык корутундусуна ылайык М.Т.дан таап алынган 1904,02 грамм (бир миң тогуз жүз төрт грамм эки миллиграмм) “героин препараты” баңги заты экендиги аныкталган деген жагдайда күнөөлүү деп табылган.

2017-жылдын 10-январында Баткен облустук сотунун кылмыш жана административтик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247-ст  3-б. 4-п. (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) менен күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркиндигинен ажыратып, мүлкү конфискацияланды.

Баткен райондук сотунун 2016-жылдын 30-ноябрындагы чыгарган чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылды.

Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: