Menu

Легендарлуу Фарид Ниязов кызматтан бошотулду. Ордуна Мухаметкалый Абулгазиев келеби?

Бөлүшүү:

7-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Президенттик аппараттын жетекчиси Ниязов Фарид Абилезимовичти берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызга кол койду.

Буга чейин Фарид Ниязов кызматтан бошотуу тууралуу арыз берип, бирок мамлекет башчы анын арызын канааттандырбай, шайлоодон кийин чарчады деп, эс алууга жөнөткөнү маалым. Бирок Фарид Абилезимович айткан сөзүнөн кайтпасын, кызмат ордуна кайрылып келбесин билдирген.
Өкмөт башчы 6-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолукканда аппарат жетекчисинин орду бош калбасын айткан.
Аппарат жетекчисинин ордуна ким келээр экен деген маселе турат. Бир караганда Фарид Ниязов бир канча президент менен иштеп келген тажрыйбалуу аппарат жетекчи.
Келе турган президенттик аппарат жетекчиси Сооронбай Жээнбековго берилген жана мамлекетчил адам болушу керек.
Айрым божомолдорго караганда, аппарат жетекчиси болуп президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухаметкалый Абулгазиевдин аты айтылууда. Анын буга чейин мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, башка мамлекеттик органдар менен алака түзө алат, биринчи вице-премьерлик кызматта Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде да иштеп келген. Сооронбай Жээнбековдун кесиптеши, Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн. Түндүк-түштүк тандемине да туура келет, Абулгазиев Кочкор жергесинин кулуну, кыргызча тарбиядагы жигит.

Айжан Айтышева

Булак: ПолитКлиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: