Menu

Эркектердин жоопкерсиздиги жалпы улуттук мүшкүлгө айланды

Бөлүшүү:

Кыргызстанда эркектердин жоопкерчиликсиздиги жалпы улуттук мүшкүлгө айланганын Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова айтып чыкты. Ал жардам сурап кайрылган кыз милициянын имаратында ажал тапканын кескин айыптап, «Эркектер бул маселени парламенттен айтып чыгууну да зарыл көрүшкөн жок» – деп каңырык түтөттү. Ырасында Айсулуу айымдын айтканында чындык бар. Эркектердин жоопкерчиликсиздигинен канчалаган кыргыз кыздары кор болуп жатышат…

Эске сала кетсек, ушул аптада Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды. Милиция кызматкерлери кызды ала качып бараткан баланы кармашып, кыз экөөнү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Натыйжада бала кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: