Menu

Эмил Эсеналиев: “Натяжные потолки” деген ролигим бир жарым миллиондон ашык көрөрманды топтоду

Бөлүшүү:

-Эмил, куудулдук, тапандык (жакшы мааниде) жөн жерден келе калбайт. Ата-тектин канында барбы?

– Куудулдук жагым атам жактан келаткан өнөр. Ал аябай сөзгө чечен, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, куйкум сөздөр менен какшыктап сүйлөгөн кызыл тилдүү адам. Дос балдарым үйүмө келгенде боорлору эзилгенче күлүп кайтышат. Комуз чертмей, күлдүрмөй сыяктуу өнөрлөрүм атамдан. Өтө шайыр мүнөз, тамашалап сөз айтмайын тура албаган адам. Ырчылык жаты да бар. Нарындын Он-Арча айылында бизди «ырчылардын тукуму» деп коюшат.

– Бүгүнкү күндө эң популярдуу делген Инстаграм желесинде «Натяжные потолки» деген жарнамалык кыска ролигиңди миллиондон ашык адам көрүп үлгүрдү. Ушу тууралуу кыскача оюңду уксак?

– Инстаграм желесинде «Натяжные потолки» деген ролигим сиз байкагандай бир жарым миллиондон ашык көрөрманды чапчыды, «даң-даң» болуп атат. Чынын айтсам ушунча бийик деңгээлге азуусун жана турганын күткөн эмесмин. Идея өзүмдөн башталып, братишкелерим менен жөн эле тартып койгонбуз. “Натяжные потолкини” окурмандарыңызга «один гезит, дува гезит, три гезит, четире гезит. Крыша вниз. Диване лежиш. Гезит читаеш, а там бээлий-бээлий…» деп коюңуз.

– Киного көп эле тартылдың, түйшүгүн айтып мүмкүн эмес. Бу жагы сенин куудулдугуңду мокоттубу же курчуттубу?

– Курчутту. Анткени, тартышкан кинолорумдун арасында жакшысы, мыктысы, ортозаары болду. Кайсы гана тасмага тартылбайын, мага тиешелүү каармандын образын толук кандуу ачып берүү үчүн толук кандуу иштеп аттым. Жалкоолуктан, жатып ичерликтен арылдым. Сөз тапкан талантым кээде ташты жарып кетип атат. Мизиме урунгандар кантип эки бөлүнүп калганын сөз менен айтып бералбайм. Аны Инстаграмдан көрүш керек.

– Сени таанып-билгендер көргөндө эле мыйыгынан бир жылмайып койсо керек…

– Туура айтасыз, алар кинодо жараткан образымды элестетип алып эле күлө берет. Бул бир чети жакшы. Анткени, мен ошо адамга жакшы маанай тартууладым. Экинчиси, такай эле комедия жанрында бир беткей жүрө бербестен салабаттуу, акыл пештеп иш кылган, оор басырыктуу адамдын образын жаратсам деген бала кыялым азыр да жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашап келет. Кыялымдын сакалы сиздикинен узун болуп кетти. Аны режиссерлор байкай элек, өзүм да аракет кылып көрө элекмин. Убакыт-сааты чыкса керек.

– Инстаграм сен үчүн?..

– Инстаграм мен үчүн азыркы тапта жумуш. Инстаграм аркылуу акча табам. Инстаграм мага акча бербейт. Болгону ар кимге ролик тартып берип, гонорарын алам. Анткен менен үй-бүлөмдү киргизбейм. Келинчегим ушуга окшош соцтармактын бирөөсүнө да кирбейт. Кыялым бир аз чорт, жиним бат келет, ороймун. Ошол эле социалдык тармактан бир учурда бир топ суроо жиберишет. Көралбагандар «сен эмне жылдыз болуп кеттиңби? Голивуд-моливуд что-ли?» деп баштаганда, баарына жооп берип жетишпейсиң да, анан «билгениңди кылчы, ойлосоң ойлой бер» деп салам.

– Бир көргөн адам «айылдык кара бала экен» деши ыктымалбы?

– Кебете-кешпирим айылдык көрүнгөнүм менен өзүм шапшаардык эле красавчик жигитмин. Өңүм каратору болгон менен душам как натяжной потолок бээлий-бээлий!

– «Эмил чириген бай, үч кабаттуу особняк, лексус, короче…» деп атышат. Ушу чынбы?

-Адамдын, анын ичинде мага окшогон жигиттин башына доор келет экен. Азыркы тапта ошол доор келип атса керек. Чынын айтсам чирибеген эле бай болгум келет. Кудайга шүгүр, үй-бүлөбүз менен курсагыбыз ток. Атам салып берген үйдө турам.

– Хамза канчага чыгып калды? Аны да жакында роликтерден көрүп калабызбы?

– Уулум экиге чыгайын деп калды. Кудум куудул ал дагы. Атасын тартыптыр. Апасын тартса чыр чыкмак (тамаша). Тамаша сахнада гана болуш керек. Анын максаты элдин жарпын жазуу, маанайын көтөрүү. Хамза качан роликке тартыларын өзү айтса керек.

– Позитив сен үчүн?

– Позитив – жаркын маанай. Кээде элге позитив жаратабыз деп, байкабастан өзүбүз кабылып калабыз. «До+Фа» фильминде котормочунун ролун аткарып, кайсы бир эпизодуна келгенде бир эле сөз үчүн 20дан ашык дубль тартышкан. Буга чейин мындай эч жерде болбоптур. Самат экөөбүз бири-бирибизди карал эле күлө бергенбиз. А жерде бир сөздү туура эмес которуп койгонумдун айынан.

Сурат Жылкычиев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: