БШКнын төрайымы Шайылдабекованын кыргыз тилин оңдуу билбегенинин айынанбы, же кылган ишине жоопкерчилик менен мамиле жасабаган кайдигер шалаакылыгынын кесепетиби, айтор жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын төш белгисиндеги жазууда оркойгон ката бар экен. Анда “жергиликтүү кеңеш” деген сөз айкашы “жергилүктуү кеңеш” деп ката жазылган. Албетте, мындай жөнөкөй нерсеге маани берип, көңүл бурбаган БШКнын катасы болуп эсептелет. Ошол жерде иштегендердин бири дагы бул кемчиликти оңдойлу, ката жазылыптыр дебегени таң калтырат. Же БШКда төрайым баш болуп өңчөй сабатсыздар отурабы? Эми бул ката төш белгини тапшыргандан БШКнын төрайымы Шайылдабекова уялбаса дагы, ката төш белгини тагынып жүргөндөн депутатгар уялып бир нерсе дешээр. Же мандатка жетишкенине манчыркашып, ката болгонуна кайыл болушуп жүрө беришеби? Бул жагдай кыргыз тилин сыйлабагандык – бүтүндөй улутту сыйлабагандык экенин түшүнүшөөр бекен?..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ