Menu

Ыргал Кадыралиева, экс-депутат: Жарандыгын алмаштыруу – саткындык

Бөлүшүү:

– Ыргал Кармышаковна, жакында сиз Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин Россиянын жараны экендиги тууралуу бир нече далилдерди алып чыктыңыз, бул жерде жеке өч алуубу же патриоттуулукпу?

– Бул патриоттуулук. Мен кыргыздын патриот кызы катары «парламентке башка жарандар кирбеш керек» дейм. Башмыйзамда жана шайлоо кодексинде кош жарандуулук деген жок. Парламентке Кыргызстандын гана жараны депутат болуп келиши керек. Мурдагы шайлоо кодексинде Жогорку Кеңешке депутат боло турчу жарандын беш жылдан кем эмес Кыргызстанда жашоосу талап кылынар эле, ал эми бүгүнкү шайлоо кодексинде мындай шарттар каралган эмес, менимче, мындай болуп калганы кооптуу. Себеби, азыркы шайлоо кодексине ылайык кечээги кытай жараны, түрк жараны болобу, айтор, алар өз мамлекеттеринен жарандыктан чыгып, Кыргызстандын жарандыгын алган болсо, Жогорку Кеңештин депутаты болуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатпайбы. Жарандыгын алмаштыруу бул – саткындык. Ал кечээки Түркиянын, Кытайдын жараныбы же Кыргызстандын жараныбы, баары бир, жарандыгын алмаштырдыбы, демек ал саткындык. Себеби, ар бир жаран жарандыгын алмаштырып жатканда «ошол мамлекеттин мыйзамын сактайм жана мамлекетке кызмат кылам» деп ант берет. Бүгүнкү шайлоо кодексине ишенсек, шайлоо күнү Кыргызстандын жараны болсо парламентке келүүгө акысы бар. Демек, эртең Кыргызстандын жарандыгын алган жүздөгөн түрктөр, эптеп Кыргызстанга келип паспорт сатып  алган миндеген кытайлар, «Россияга кызмат кылам» деп ант берип алардын жарандыгын алган кыргыздар Башмыйзам боюнча эң жогорку кызмат болгон парламентке келишет. Анда парламент бир күндө башка өлкөнүн атайын кызматынын кызыкчылыгын кабыл алып коюшу мүмкүн. Жарандуулук боюнча аныктоодо моралдык аныктоолор болуш керек. Алсак, парламентте бир нече башка мамлекеттин жарандары бар.

-Ушул өңүт боюнча суроо жаралган Келдибаевге токтолсоңуз?

– Ал эми Сагындык Келдибаев 12 жылдан бери Россиянын жараны экен. Бул боюнча Россиянын жарандыкты аныктоо боюнча атайын ыйгарымдуу өкүлүнүн тастыктаган аныктамасын ММКлар жарыялады. Россиянын жараны катары ал жактан соттолгону тууралуу да маалыматтар жүрөт. Элде суроо туулат: «УКМК менен башкы прокуратура кайда карап жатат?» деген. Булар тез аранын ичинде Жогорку Кеңештеги кош жарандуулугу бар баардык депутаттардын мандатын алуу боюнча иштейт деген ойдомун. Бүгүн кош жарандуулугу аныкталып, иш козголуп жаткан Кубанычбек Кулматов менен Сагындык Келдибаевдин күнөөсү – аналогиялык прецедент. Кулматовго жарандыгын жашырып паспорт алгандыгы үчүн ага иш козголду, Келдибаев 2006-жылы Россиянын жараны экендигине карабай, 2009-жылы, 2013-жылы жана 2015-жылы алдоо жолу менен Кыргызстандын паспортун алган. Буга мыйзам жол бербейт. Эгер Келдибаевдин кош жарандуулугу аныкталбаса иштесин, аныкталса жигитчилик менен жооп берсин жана сөзүнө турсун.

Кыстырма

Өз кезегинде БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалымат ага да келип түшкөндүгүн айткан:

– Мени юрист катары бул маселенин юридикалык тазалыгы таңкалтырат. Жарандыктан чыккандыгы тууралуу справка бар, ошонун негизинде ал мандат алган. Бирок, дарек базасында анын паспорту дагы эле жарактуу. Ошондуктан мен БШК төрагасынан РФ ФМК Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө расмий суроо жолдоону сурандым. Бул маселени алар териштириши керек.

Бекбол Айдаров

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: