Бүгүн, 23-октябрда Аламүдүн районундагы Көк Жар айылынын кеңеши “Полиция шаарчасы” деп аталып келген көчөнү адамдын атынан коюу токтомун чыгарганы маалым болду. Мындай маалыматты аталган айылдын жашоочусу Акыл Аттокурова журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, көчөгө адамдын ысымын берүүдө жети кишинин аты аталган. Алар мурда ИИМде иштеген генерал-майорлор.
1.Кадырбай Ата
2.Жусупбек Акмато – коомдук ишмер, генерал-майор, ИИМдин мурдагы министри. Ал 2010-жылдын декабрында каза болгон.
3.Темиркан Субанов – ИИМдин мурдагы орун басары, генерал-майор. Ал 2010-жылы декабрда каза болгон
4. Чыныбек Алиев – 2004-жылы каза болгон генерал-майор, ИИМдин кызматкерлеринин кылмыш ишине каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы.
5 Молдомуса Конгантиев – генерал майор, ИИМдин мурдагы министри.
6.Балбай Калмамбетов
7.Кадыр Ата
Ушул жети кишинин ичинен Молдомуса Конгантиевдин аты тандалып, ысымы берилгени кечээ, 22-октябрда маалым болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ