Орусиянын Новосибирск облусу кыргыз, казак, өзбек, кытай өсүмдүктөрүнүн 77,75 тонна продукциясын 11-17-ноябрь аралыгында “Карасук” фитосанитардык көзөмөл постунан өткөрбөдү. Казакстан менен Кыргызстандын 8 партия жүгү Новосибирск, Красноярск, Томск, Москва жана Чита шаарларына бармак. Казактардын 40 тонна пиязы, 20 тонна түрпү, кыргыздардын 17,25 тонна курмасы, 400 кг алма, ашкабак, сабиз, өзбектердин 40 кг мейизи, кытайлардын 20 кг мандарини артка кайтарылды. Орустардын бир эле шылтоосу: документтер так эмес.
Ал эми Белоруссиянын президенти 17-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деген:
“Албетте, биз Орусия менен согушпайбыз, биздин мамилелер – АКШ менен Кытай эмес, бирок орус тараптын кылгандары туура болбой жатат. Биримдикке кирип, иш оңунан чыгат экен деп ойлогонбуз. Бирок орус тарап жыл сайын жаңы шарттарды коюп келет, ошонун натыйжасында биз пайда көрбөй эле, зыян тартып жатабыз. Биз ашыкча эч нерсе суранган жокпуз, болгону тең шарттарды талап кылып келебиз”, – деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ