Menu

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 4-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты –  шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда  соттолгон    адам    башка    кылмыш  жасаганда, ошондой эле уюшулган криминалдык топтордун мүчөлөрү үчүн жоопкерчиликти катуулатуу.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексине жана  Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине  эгерде  буга чейин сот  шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу  чечим кабыл алган соттолгон  адамга, ошондой эле уюшулган криминалдык топтордун мүчөлөрүнө карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу кайрадан колдонулбастыгы  тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам  өмүр бою эркинен ажыратылып, бирок ырайым жасоо иретинде жазасы эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган  соттолуучу, өмүр бою эркинен ажыратылган мезгилде  жаңы кылмыш жасаса, ага  карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу  чечим кабыл алууга тыюу салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: