Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 32 миллион 121 миң адамды түздү. Өзбек окумуштуулары мындай көрсөткүч 2020-жылы болорун боолголоп жатышкан.
Былтыр калктын саны жарым миллионго көбөйгөн. Калктын 50,6 % шаарларда, калганы айылдарда жашайт.
2016-жылы 275 миң түгөй никеге турган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 12 миңге аз. 29 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып кеткен. Никеге тургандардын саны республиканын бардык аймактарында төмөндөгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ