Menu

Өзбекстанда быйыл ажылык сапар үчүн көбүрөөк орун бөлүндү

Бөлүшүү:

Быйыл ажылык сапарга Өзбекстандан 7200 киши барат. Өткөн жылы алардын саны 5200дү түзгөн.

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдагандай, Меккеге ажылык сапарга аттангандардын саны жыл сайын өсүүдө.

Ислам кызыматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер кол койгон 1987-жылдагы келишимге ылайык, жыл сайын ар бир өлкөдөн ар миллион кишинин миңи ажылык сапарга бара алат. Эгер бул талап сакталса, 32 миллион калкы бар Өзбекстан жылда ажылыкка кеминде 20 миң киши жөнөтүүгө укуктуу.

Каримовдун бийлиги тушунда Өзбекстан бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алган эмес. Жыйынтыгында көптөгөгөн мусулмандар Мекке жана Мединаны зыярат кылуу үчүн жылдап кезекке турушкан.

Учурда ажылык сапарды уюштуруу иштери Өзбекстан өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитетке жүктөлдү.

Буга чейин Өзбекстанда ажылык зыяратка бир жолу гана барууга уруксат берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: