Жалал-Абад областынын аймагында ботулизмге каршы чаралар күчөтүлөт, калк арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштери алып барылат, калктын жабырланышына жол берилбейт. Областтык эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясы өзүнүн отурумунда ушундай чечим чыгарды.
Комиссиянын билдиргенине караганда, област аймагында колдо жасалган консервация азыктарынан ууланып калуу учурлары дагы эле болсо кайталанууда. Мисалы, өткөн 2015-жылы 13 үй-бүлөдө ушундай уулануу учуру катталып, 26 оорулуу бейтапканаларга жаткырылган, алардын ичинен 5 киши каза болгон. Ал эми 2016-жылдын 11 айында эле 15 үй-бүлөдө уулануу учурлары катталып, 30 оорулуу бейтапканаларга түшкөн, алардын ичинен 3 киши каза тапты.
Мындай терс көрүнүштөр Тогуз-Торо, Аксы, Ноокен райондорунда бир нече жолу кайталанып, ууланган кишилер саны арбын болсо, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларында бирден киши ууланышкан. Комиссияда белгиленгендей, уулангандар арасында жаш балдар да бар.
Комиссияда бейтаптарды сактап калуу жана дарылоо максатында керектүү медициналык препараттардын (сыворотка) жетиштүүлүгү каралып, сыворотканын район-шаарларда жетишсиз өлчөмдө камсыздалганы белгиленди. Бул боюнча чара көрүү жагы каралды.
Комиссия соода-сатык жайларында, базарларда үй шартында жасалган консервация азыктарын сатууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ