“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалиция курамында болгону, бийликтин кандайдыр бир бөлүгүн басып жатса дагы оппозициялык маанайдагы көз карашы менен жашап келет. Буга чейин тар чөйрөдө Алмазбек Атамбаевге каршы саясатын жүргүзүп келсе, соңку убактарда «төкөр өрдөк синдромун» айтып, Данияр Нарымбаевди ачык колдоп, ошол эле кезде Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгышына сын пикир узатканы, №1 резиденция тарапка таш ыргытканы талкуу жаратууда. Айтор, анын буттары эле коалициянын короосунда жүргөнү менен өзү чылгый оппозициялык саясатчы. Улам барган сайын бийликке ар түрдүү нааразычылыктар көбөйгөнү, камалуулардын катары өскөнү, кыскасы, кырдаал кризистик жагдайга жакындаганда – дал ушул Текебаев эл астында Атамбаевдин биринчи душманы катары чыгышы мүмкүн. Ага негиздер дагы жетиштүү. Сыягы, күзгө карай Ө.Чиркешович парламенттеги оппозициянын ролун ойноп калса, анан көчө кыйкырыктарын өзүнө имерип алышы оңой эле иш. Айрым маалыматтар боюнча Текебаев “крючокто” илинип турганы айтылып келет. Бу жагы шоона эшпей калабы?
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ